2014-жылдын ажылык сапары жалпысынан
авиабилетти кошкондо 2400 долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде КРдагы
Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан
Асан Саипов билдирди.
“Былтыркы ажылык сапарга баргандар
Мадина шаарында 3 күн гана турушкан. Ал эми бул сапарда зыяратчылар аталган шаарда
8 күн болмокчу. Ошол себептен 2014-жылдын ажылык сапары 100 долларга
кымбатыраак болот”,- дейт А.Саипов.
Маалыматта белгиленгендей, Сауд Арабиясы былтыркы
жылдагыдай эле кыргызстандык зыяратчыларга 3600 орун бөлүп берди.
Эске салсак, 2013-жылдын
ажылык сапарынын чыгымы жалпы 2300 долларды түзгөн.