Бүгүн, 24-апрелде Ош шаардык мэриясынын алдында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Ош шаарындагы кеңсесинин ачылышы болду.
Ага өкмөткө караштуу Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этностор аралык мамилени чыңдоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Накен Касиев, Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жана коомдук кабылдаманын кызматкерлери катышты.
Маалым болгондой, Оштогу кабылдама Кыргызстан боюнча 19-кабылдама болуп саналат. Анын ачылышы менен түрдүү чыр-чатактар, көйгөйлөр боюнча шаар эли кайрылып, маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
«Бул жай ынтымактын, биримдиктин, достуктун, бири-бирине болгон урмат-сыйдын эшиги болушуна тилектешмин»,- деди Касиев.