Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, Актан Арым Кубат, Камчы Сарыбаев, Аскат Сулайманов жана башка маданияттын кызматкерлери Өкмөт үйүнүн алдына барып өкүрүштү (фоторепортаж)

Бүгүн, 24-апрелде 40ка жакын маданият кызматкери Өкмөт үйүнүн алдына өкүрүп барды. Катышуучулардын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн маданиятка буруу максатында уюшулган флешмоб - маданият кызматкерлеринин жан дүйнөсүнүн кыйкырыгы.

Аталган флешмоб “Кайран заман” деп аталат. Ага режиссёрлор Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров, "Дем" театрынын жигиттери, сүрөтчүлөр, жазуучулар, акындар катышты. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынан алдына чогулган жоон топ өкүргөн боюнча Өкмөт үйүнүн алдына барып, анын алдында 1-2 мүнөт туруп, эч кимдин чыгышын күтпөй эле тарап кетишти.  

Флешмобдун катышуучусу, режиссёр Садык Шер-Нияз: “Кыргыз элинде таланттар көп, ал эми аларды көтөргөн механизм иштебей жатат. 20 жылдан бери маданият жөнүндө мыйзам аткарылбай келет. Бизге берилген 3 пайыз жардамдын 1 пайызын гана алабыз. Ушинтип отурсак кантип биз маданиятты көтөрөбүз?! Бүгүнкү күндө клубдар аткана болуп калды, ал жакта мал багып жатышат. Минтип маданиятты көтөрүү мүмкүн эмес. Маданияттын идеологиясын көңүлгө албай, мамлекетти көтөрүү мүмкүн эмес. Буга чейин өз алдыбызча айтып, кыйкырып келгенбиз, бүгүн чогулуп ыйлап коюуну чечтик”,- дейт.

Ал эми кинорежиссёр Эрнест Абдыжапаров: “Биз 20 жылдан бери мамлекеттен тыйын сурабай эле, саясий талап койбой эле келгенбиз. Көптөгөн революциялар болуп жатат, Ош окуясы болду. Эл аны өзү, маданияты, акыл-эси менен токтотту. Биз өкмөттү ушуларга көңүл бурдуралы деп жатабыз. Кыргыз элинин келечегин оңдош үчүн биз менен кеңешкиле, бизден сурагыла, биз барбыз, бизди эскерип жүргүлө деп “Кайран заман” аттуу өкүрүк менен чыктык. Эгер бийлик маданиятка көңүл бурбай ушул нукта кете берсе, анда мамлекетибиздин келечеги жок”,- деген оюн билдирди.

 

Маданият өкүлдөрү Өкмөт үйүнө өкүрүп барышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (60)
arman00
2014-04-24 21:50:55
болбойт ото еле уят .башка жактан же болбосо башка жол менен деле коргозсо болмок
0
Nursultan.m.n
2014-04-24 23:16:46
куло берип ичим ооруду
-1
Eliza761024
2014-04-25 00:38:56
Ак уйдон бироо жарым чыгып кайрат кылгыла десе жарашып калчудай нерсе болуптур...просто позор...башка улуттар корсо бизди баягылар дейт ко...уууу кантип ушундай болсун...
0
taalay89
2014-04-25 00:42:26
Уят уят козуно ак тушкурлор не деген жорук бул Эми
-2
antiwithin14
2014-04-25 01:58:28
Ооой ойонгулааа,кыргыздын маданияты мышык ыйлагыдааай,маданияттуу Эл жакшы,алдын албасак баарыбыз "окуруп" калабыз деген маани да.
+3
Nuriss
2014-04-25 06:15:42
Еч кандай уят емес окурот турган болуп калды озу, Садык Шернияз чыныгы кыргыз деп жургон киши
+3
pakistanka
2014-04-25 09:25:23
uyaty joktor...
-2
alima8984
2014-04-25 09:39:05
ооба биздин маданиятыбыз окургондой болуп калды ичиндеги буктарын окуруп чыгарып алышты эгер ак уйдогулор эми маданиятка бир азда болсо конул бурат деген ойдомун Туура эле корунуш салтыбызда бар олгонго окургон маданият олуп жатат
+2
Dadasdasd
2014-04-25 11:57:12
Артист кыргызча ар-түс. Түркүн түстө жашайт.
-1
Supataev.Salamat
2014-04-25 11:59:14
Актан Арым мыкты ойноптурго)))))))
-1
dastan_nookat
2014-04-25 12:09:43
''Мамлекет киночуларга жардам берип койсо жакшы болмок эх-эх''
0
XAN-TORO
2014-04-25 15:17:24
Мен ойлопмун Садык Шер Нияз алдында бара жатса Болот Шер отуп кеткен го деп. Ошого Ак уйго бара жатышат окшойтт деп. Тобоо ушундай кантип болсун. Маданияттуу адамдарыбыз ушундай кадамга барып жатышса
-2
Мэри
2014-04-25 17:45:04
Менимче, бул ишти ушул боюнча калтырбаш керек. Буга тиешелүү жактар баа бериши зарыл деп ойлойм. Керек болсо сөгүш жарыялап, кызматтарынан алып (эгер мамл. кызматтарда иштеген болсо), буга чейин алган наамдарынан ажыратып салуу керек. Көргөн сайын кыжырым келип жатат! Мурунку убак болгондо аталар "Атаңа наалат!" демек, мен да ушинтип айтар элем!
0
Roza11
2014-04-25 19:41:51
тушунбой туруп эле ар нерсени жаза бересинерби.окмот конул бурбаса ,ошого жеткиришти да.
0
zulik_julik.kg
2014-04-25 22:42:46
эх кыргыз элим эч ким ойлобогонду биз ойлойбузда бирок тилекке каршы жаман жагын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан