"Туңгуч" театры Апрель окуясы тууралуу “Биримдик” спектаклин коёт

"25-апрелде Бишкекте “Биримдик” спектакли коюлат",- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде өткөн маалымат жыйынында “Туңгуч” театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматова

“Каргашалуу Апрель окуясынан кийин эл, айрыкча искусство, маданият адамдары абдан дендароо болгонбуз. Ушундан улам жооп иретинде бул спектаклди жараттык. Баштапкы аталышы “Симуль” болчу. Бул латын сөзү, кыргызчага которгондо “биримдик” дегенди түшүндүрөт. Азыр эл улутка гана эмес, аймактарга бөлүнө баштады. Бул көрүнүш мамлекеттүүлүккө, жаш муунга залалын тийгизет деп ойлойм”,- дейт театрдын жетекчиси спектакль тууралуу.

"Спектаклдин башкы максаты – драматикалык формада терең жана виртуоздуу баяндоо. Анда биздин тарыхыбыз, бир караганда арзыбай турган кылган ишибиздин жыйынтыгы, кайтарып алгыс натыйжасы, күнөөсү, атак-даңкка умтулуусу, боорукерлиги сүрөттөлөт. Бул спектаклде жадакалса жаныбарлар да боорукерлигин көрсөтүп, адамдын тукумун, Жер шарын сактап калуу үчүн биригүүгө чакырышат",- деп кошумчалады Жамал Сейдакматова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
betman
2014-04-24 21:53:36
Апрель окуясы эле деп сайрайсынар, неге март окуясы деп айтууга кучунор жетпейт, мен учун март революциясы апрель революциясына караганда мин эсе маанилуу, анткени марттан кийин не озгорду апрелден кийин не озгорду (неге дегенде, ошол апрелдеги курман болгондордун алдында, апрелден кийинки оштогу июнь окуяларына туздон туз азыркы бийлик куноолуу деп эсептйм)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан