2014-жылы И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияны 187 клиникалык бөлүм башчы жана 180 дарыгер аяктайт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бүтүрүүчүлөрдүн ичинен бюджеттик негизде 73 студент аяктоодо. 2014-жылы 22 ар кайсы багыттагы дарылоо иши боюнча 191 студент, педиатрия бөлүмүндөгү 5 багыттагы 21 адис, 4 багыттагы стоматология бөлүмүндөгү 125 адис жана 3 багыттагы медициналык-профилактикалык иш боюнча 30 адис даярдалды.
“25-апрелде Медициналык академияда бүтүрүүчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жана КРнын Өкмөтүнүн толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Жолугушуунун негизги максаты - жаш адистерди аймактарга ишке тартуу”,- деп маалымдашты министрликтен.
Эске салсак, Кыргызстанда жаш адистерди аймактардагы бош орундарга ишке тартуу программасы иштеп келет. Анын алкагында учурда региондордо 100гө жакын медициналык кызматкер эмгектенүүдө.