Эртең, 26-апрелде Кыргыз улуттук консерваториясында Оркестр музыкасы жумалыгынын жыйынтыктоочу концерти өтөт. Анда музыкалык окуу жайлардын окуучулары Бишкек мэриясынын симфониялык оркестри менен чыгармаларды аткарышат. Концерттин программасында Л.Бетховен, В.Моцарт, Ф.Шуберт, И.Брамс, Ж.Бриччальди, Д.Шостакович жана А.Пояццоланын чыгармалары аткарылат.
"Жумалык 21-апрелде М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинде башталган. Бул иш-чаранын максаты - балдарды оркестрге кызыктыруу. Оркестрде ойноо – жаңы баштаган музыкант үчүн жакшы мектеп. Өз теңтуштары, окутуучулары жана дирижёрлор менен чыгармачыл баарлашуу",- дейт 24-апрелде өткөн маалымат жыйынында музыкант Райкан Карагулова-Айзенхут.
Райкан Карагулова-Айзенхут М.Абдраев атындагы музыкалык мектебинин скрипка бөлүмүн аяктаган. Учурда Австрияда жашап, ошол жерден окутуучулук кызматты аркалоо менен бирге чыгармачылыгын да тартуулап келет.