2014-жылдын 24-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 502 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка кирген суунун агымы секундуна 247 метр кубду түзүүдө. Ал эми агып чыккан суунун агымы 362 метр кубга барабар болууда. Өткөн жылы суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 202 миллион метр куб болгон. Суу сактагычка кирген суунун агымы секундуна 263 метр куб болсо, агып чыккан суунун агымы 238 метр кубга барабар болгон.