Кыргызстанда аюуларды коргоо боюнча мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде биология илимдеринин кандидаты Аскар Давлетбаев SUPER.KG порталына билдирди.
“Менин баамымда, бүгүнкү күнү Кызыл китепке кирген аюулардын саны 150гө араң жетет. Убакыт өткөн сайын алардын саны азаюуда. Браконьерлер аюуларды атып өлтүргөнүн койбойт. Буга мамлекет тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келет”,- деди Аскар Давлетбаев.
Айта кетсек, 21-апрель күнү кечки саат 17:00дө Ош облусунда Алмазбек Кочкоров аттуу жаран кармалган. Анын унаасынын текшерүү учурунда жаңы атылган күрөң аюунун териси табылган.