Бишкекте балдардын кол өнөрчүлүгү боюнча көргөзмө өттү. Иш-чара "Кыргыз патенттин" 25 техникалык ийриминин жылдык отчётуна арналган. Аларды Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фонду менен "Кыргыз патент" биргеликте республиканын бардык аймактарында ачышкан.
Көргөзмөгө жаш инженерлер ойлоп тапкан суу генератору, аэробус, жолдордун четин тосмолоо, электролёт, марсоход, унаа конструкциялоо, кол генератору, жол тыгынды болтурбоочу түзүлүш сыяктуу буюмдар коюлган.
Мамлекеттик интеллектуалдык менчик бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Түлөбердиева: “2013-жылы өлкөнүн бардык аймактарында жалпысынан 25 техникалык жана 5 фольклордук ийрим ачылган. Бүгүнкү көргөзмө - балдардын эмгегинин жылдык жыйынтыгы”,- деп билдирди ал кечээ, 24-апрелде.