Сулайман Рысбаев, адис: “Кыргыз тилинде таза сүйлөбөсөк, биз өзүбүздү маңкурт деп эсептесек болот”

“Эгер биз кыргыз тилинде таза сүйлөбөсөк, биз өзүбүздү маңкурт деп эсептесек болот. Анткени кийинки муундар бизди үлгү катары баалашат”,- деп айтты бүгүн, 24-апрелде кыргыз тилине арналган тегерек столдун жүрүшүндө педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев.

“Эгер кыргыз эли болсо, кыргыз тили болот. Эзелтеден маданий мурастар сакталып келген. “Манас” эпосубуз качан жаралганын эч кимибиз билбейбиз. Биздин муунга чейин сакталып келген тилибизди сактап, кийинки муунга бекемдеп өткөрүшүбүз зарыл. Өзүбүз таза сүйлөбөсөк, биз маңкурт болобуз”,- деди адис.

"Мисалы, Японияда япон атуулдары бири-бири менен чет тилинде сүйлөшпөйт экен. Эгер ал япон тилинде таза сүйлөй албаса, ал сүйлөшүүлөргө катыша албайт",- деп баса белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bossmos7
2014-04-24 17:04:15
Кош колдоп колдойбуз!
0
Altyn1980
2014-04-24 18:29:39
силер манкурт экенинерди эми билдинерби?
+1
kama_future_millioner
2014-04-24 18:31:40
Кыргыз тилин онуктуру ар бирибиздин милдетибиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан