Караколдо жарандык коргонуу боюнча абалды текшерүү иштери жүрүүдө 

Каракол шаарында кечээ, 23-апрелде жарандык коргонуунун абалын комплекстүү текшерүү иштери башталды. Аталган текшерүү 25-апрелде аяктайт. Бул тууралуу маалымат Каракол шаарынын расмий сайтында жайгаштырылган.  

Маалыматта белгиленгендей, текшерүү учурунда эртең мененки саат 7де Каракол шаардык мэриясынын имаратынын жыйындар залына бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери чогулуп, бул иш-чара боюнча тиешелүү милдеттер коюлду. Шаарды калыбына келтирүү командасы жана куткаруу тобу «Тазалык» ишканасына тизилди. Ошондой эле облустук комиссия тарабынан Каракол жарандык коргонуунун калыбына келтирүү командасынын жана куткаруу тобунун өздүк курамынын милдеттери тууралуу сурак алынды.

Андан тышкары машыгуу учурунда Каракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагында Иссык-Кульский-Кирпичный көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде турак үйлөрдү жер кыртышынан чыккан суудан коргоо максатында дренаждык арыктарды тазалап, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн негизги максаты - жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда калкты жана кызматчы, жумушчуларды коргоо.

Комплекстүү текшерүүгө шаардын бардык мекеме-ишканалары, жогорку, орто кесиптик окуу жайлары катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан