“Эгер эки кыргыз жигит эне тилинде эркин, таза сүйлөсө, башка улуттар бизди урматтап баштайт”,- деп өз пикири менен бөлүштү бүгүн, 24-апрелде кыргыз тилине арналган тегерек столдун жүрүшүндө адис Ленара Ниязбекова.
Анын айтымында, "кыргыз тилинде сүйлөө" деген зарылчылыкты жаратыш керек. “Мисалы, коңшу Казастанда казак тилин пропагандалоо ишке ашырылып, өз пайдасын тийгизип жатат. Бизде болсо андай эмес. Биздин бийлик өкүлдөрү “кокуй, башка улуттардын укуктарын бузуп салбайлы” деп коркуп жатышат”,- дейт Ниязбекова.