“Жаш ырчылардын ырларынын сөздөрүн сынга алып, алардын душманына айландым” дейт акын Алтынбек Исмаилов

“Кыргыз тилиндеги ырлардын маанисин сынга ала берип белгилүү жаш ырчылардын душманына айландым”,- деп айтты бүгүн, 24-апрелде кыргыз тилине арналган тегерек столдун жүрүшүндө акын Алтынбек Исмаилов.

Анын айтымында, ал радио жана телеберүүлөр аркылуу элдин оозундагы көптөгөн белгилүү ырларды сындап келет. “Ушул ишим менен жаш ырчылардын душманына айландым. Бирок мен туура кылам. Кыргыз тилинде чала сүйлөгөндөрдү ар дайым сындап, туура сүйлөөгө үйрөтүшүбүз зарыл”,- деди ал.

“Ушул чала тилдеги ырлар элге сиңип калды. Ар кыргыз атуулу буларды ырдап жүрөт. Бир гана ырчылар эмес, бир топ басылмалардын кыргыз тили да таң калтырат. Ушундай журналисттердин, ырчылардын айынан эне тилибиз Ооганстан жана Сириядай талкаланып калды”,- деп пикири менен бөлүштү Исмаилов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Sarabanda
2014-04-24 17:59:15
Чыныгы патриот! Колдойм!!!
+1
azamat85
2014-04-24 21:17:44
жакпайт ушул бала
-1
nazhiev80
2014-04-24 21:26:29
молодец болгондо да сай соогуно тийгизип сындайт да!
+1
uluk_myrza1994
2014-04-24 21:26:35
Бул бала озу не кылып кыйратты достор? мен коргом 3,жыл алдын Каныкейдин ырыны сынга алып сен не антип ырдабайсын деп озуну корсоткон, иши болбосун ушул эле калды эле, арабасыны тарта берсин башкалар да турмуш арабасын тартып журушот
-2
ms.nazima
2014-04-24 22:47:32
мага да жакпайт
-1
Lavanda
2014-04-25 08:22:49
Азаматсыз!Туптуура сындайсыз.Чала сүйлөгөн, маанисиз ыр жараткан авторлор сизди душман деп эсептешпей, сүйлөгөндөрүн оңдошсо, маанилүү,маңыздуу ыр жаратышса жакшы болот эле.
+2
sardaralay
2014-04-25 10:31:13
Тоолубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол дегендей ырдагандан кийин таза ырдаш керек.
+1
Pearl.06
2014-04-25 11:13:39
Сизге мен ийгилик каалайм азататсыз.Жактырбай,сизге душман болгондордун баардыгы же орус эмес же кыргыз эмес орто жолдогу тантыктар.Алар тантып жүрүп бир күнү онолушар.Сиз аларды көңүлүңүзгө албай алдыга кете бериңиз.
0
Barpy11
2014-04-28 12:32:33
азаматсын эн туура айтасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан