“Кыргыз тилин өнүктүрүүнү ымыркайларга кыргызча аттарды коюудан башташ керек” дейт жаш активист Перизат Даткаева

“Кыргыз тилин өнүктүрүүнү ымыркайларга кыргызча аттарды коюудан башташ керек”,- деп айтты бүгүн, 24-апрелде кыргыз тилине арналган тегерек столдун жүрүшүндө жаш активист Перизат Даткаева.

Анын айтымында, КРнын мамлекеттик тили боюнча көп сөздөр айтылат. Бирок сөз менен иштин айкалышканы аз көрүнөт. “Биздин жаштар өз өлкөсү үчүн күйөрүн айтып келишет. Айрымдары гана айткан сөзүнө бекем турушат. Мисалы, менин бул багытта көптөгөн сунуштарым жана пландарым бар. Маселен, кыргыз улутундагы ымыркайларга нукура кыргыз аттарды берүү эң туура деп ойлойм. Анткени Кыргызстанда наристелерге батыштагы өлкөлөрдөгү ысымдарды коюу модага айланды”,- деди активист. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мэри
2014-04-24 19:15:59
Абдан жакшы сунуш. Ушуну ар бир кыргыз көкүрөгүнө түйүп алса жакшы болмок.
Совет мезгилинде Совет, Съездбек, Света, Замир, Дамир сыяктуу, кийин такыр эле чет элдик аттар(Марсель, Эрнест, Лаура ж.б.), азыр арабча ысымдар (Хадижа, Абдулхамит) көп коюлууда (ар кимди эле ээрчий бербейличи дегенди айткым келип жатат). Андыктан бул сунушту колдойм.
+1
tebessum
2014-04-24 20:30:43
Nukura attardyn da dinibiz menen baylanyshy bar. Misaly Batma- Fatima, Usupbek, Jusupbekter- Yusuf, Yunus peygamberlerdin attary. j.b.u.s
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан