Суроо: - "Эмгек мигранттары да пенсия алышат" деп жатышты эле. Жаш курагы келгенде алар кантип пенсия ала алышат? Суроо калтырган Dasmond
Жооп: - Чет мамлекеттерде иштеп жүргөн биздин жарандар Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамында белгиленген талаптарга ылайык, өз ыктыяры менен социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн Социалдык фондго үзгүлтүксүз төлөп турушса, анда алар пенсия жаш курагына жеткенде же майып болуп калса, мамлекеттик пенсияга укуктуу боло алышат. Ал эми эгерде эмгек мигрант каза болуп калса, анда анын балдарына багуусунан айрылгандыгы боюнча пенсия чектелет.
Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Пенсияны чектөө жана кайра карап чыгуу башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Ашималиева жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.