Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү

Нарын облусунун Кочкор районуна көчмө медициналык борбор жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.   

Маалыматта белгиленгендей, министрлик Ак-Жар айылына окулист, педиатр, стоматолог, ички оорулар боюнча адис, аллергияны изилдөөчү адис жана неврологдордон түзүлүп, 9 адамдан турган медициналык бригада жөнөттү.

Көчмө медициналык борбор 3 күн бою заманбап медициналык жабдуулар менен аталган айылдагы мектеп окуучуларын жана мугалимдерди медициналык кароодон өткөрөт. Эске салсак, аталган айылдагы мектеп 2007-жылы колдонууга берилген. Бирок учурда авариялык абалда. Ошол себептен 400дөн ашуун окуучу чатырларда окуганга мажбур болгон.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан