Ага ылайык, Бишкекте саат 9:00дөн 17:00гө чейин Байтик баатыр, Токомбаев, Малдыбаев көчөлөрүндө, Скрябин көчөсүндөгү № 19, 20-көп кабаттуу үйлөрдө, Калыс-Ордо конушунда «Парковая» көмөк чордондорунан тараган 10 кВт аба электр берүү чубалгыларында, №2881-трансформаторундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн.
Саат 13:00дөн 16:00гө чейин Чүйдүн Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында, Төмөнкү Ала-Арча, Маевка, Бирлик, Васильевка айылдарында, Теңдик конушунда, Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылындагы Каргабаев, Бөкөнбаев, Түлөбердиев, Каралаев көчөлөрүндө, Лыжа базасында), Жайыл районундагы Калининское айылында (Есенин, Коммунистическая көчөлөрүндө), Новониколаевка айылында (Автомобилчилер, Свердлов, Московская көчөлөрүндө) электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.