Бабур атындагы Ош академиялык музыкалык драма театры 14-18-апрелде Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтчү эл аралык театр фестивалда “Ханышанын көз жашы” аттуу спектаклин тартуулаган эле. Бүгүн, 25-апрелде театрдын жетекчиси Бахтияр Тухтаматов фестивалда бул спектакль атайын дипломго ээ болгонун билдирди.
"Эл аралык фестивалга 13 мамлекет катышты. АКШ, Орусия, Иран, Франция, Германия, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Эфиопия жана башка мамлекеттерден келген артисттер өз спектаклдерин коюшту. Биздин спектакль атайын дипломго ээ болду. Буга чейин бул чыгарма Тажикстанда өткөн эл аралык театр фестивалында баш байгени, 2009-жылы Ташкентте өткөн фестивалда 2-орунду камсыз кылган",- дейт театрдын жетекчиси.Белгилей кетсек, бул чыгарма Султан Раевдин калемине таандык. Койгон режиссёру - Алмаз Сарлыкбеков.