Бишкекте балдарга арналган 10 китептин бет ачар аземи өткөрүлдү

Бишкекте бүгүн, 25-апрелде балдарга арналган 10 китептин бет ачар аземи болуп өттү. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева катышып, мындай китептин жарык көрүшү жакшы жөрөлгө экенин айтып, демилгечи топко ыраазычылыгын билдирди.

“Дос”, “Боло көрбө өзүмчү”, “Аяп жыгылдым”, “Кошуналар” деген аталыштагы 4 китеп "Ага-хан" фондунун каржылоосунда, ал эми “Менин тоолуу мекеним”, “Улууларды урматтоо - кичүүлөрдүн парзы”, “Нарк, каада-салттар”, “Биздин айылдын дары чөптөрү” жана “Жайлоодо” аттуу китептер "Кристенсен" фондунун демөөрчүлүгү астында басылып чыгарылган.

"Бул китепте жергиликтүү жазуучулардын мыкты чыгармаларынын топтому камтылган. Аңгемелер жана китептер балдарды дүйнөнү курчап турган ар түрдүүлүктү сыйлоого, достошконго, толенраттуулукка үйрөтөт",- деп билдиришти уюштуруучулар иш-чаранын жүрүшүндө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
guzatkubaanvar
2014-04-25 13:10:34
кайдан сатып алса болот экен? Балдарга арналган кыргызча китептер ото аз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан