Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин тургузулушуна жардам көрсөтүлдү

Сүймөнкул Чокморовдун эстелигинин тургузулушуна "Бограс” компаниясынын акционерлери Дэвид Фактор жана Жорж Ричмонд жардам көрсөтүп, 5 миң доллар каражатты актёрдун ысымын алып жүргөн коомдук фондго тапшырышты. Алар өз билдирүүлөрүндө Сүймөнкул Чокморовдун кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилешкен. 

Бул иш-чарага актёрдун туугандары Сүйөркул Чокморов, Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун төрагасы Сагынбек Абдрахманов, режиссёр Замир Эралиев, КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов, актёр Улан Өмүралиев жана башкалар катышты. Бул тууралуу 25-апрелде Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фондунан билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан