Бүгүн, 25-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Жаш кыял” чыгармачыл студенттер тобунун жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин буюмдарды көркөм долбоорлоо кафедрасынын окутуучуларынын эмгектеринин көргөзмөсүнүн бет ачар аземи өткөрүлдү.
Көргөзмөгө алардын колунан жаралган сүрөттөр, кийизден жасалган буюмдар коюлуптур.
Окуу жайдын ректору Туратбек Дүйшөналиев көргөзмө-жарманке студенттердин жыл ичиндеги жетишкендиктерин баалоо үчүн жана окуу жайдын 60 жылдык мааракесине арналганын айтты.
Иш-чаранын алкагында аталган окуу жайда билим алган жаш дизайнерлердин эмгектери да көрсөтүлдү.