Салттуу музыка жумалыгынын гала-концертине казак өнөрпоздору катышты (фоторепортаж)

Борбор калаабыз Бишкекте 21-апрелден бери Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгынын урматына жана Салттуу музыка күнүнүн 10 жылдыгына карата Салттуу музыка жумалыгы өтүп келет. Алсак, 21-апрелде жумалыктын ачылышы Улуттук илимдер академиясында башталып, 22-апрелде Дастан күнү өттү. 23-апрелде Күү күнү белгиленип, аспапчылык өнөргө арналган илимий иш-чаралар И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында концерт болгон эле. Ал эми 24-апрелде Ыр күнү болуп, аваздык-аспапчылык өнөргө арналган илимий иш-чаралар Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, ошондой эле Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өткөрүлдү.

Салттуу музыка жумалыгына Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Алтай, Орусия өлкөлөрүнүн элдик музыка боюнча өнөр адамдары жана илимпоздор катышып жатты.

Кечээ, 25-апрелде жумалыктын программасы боюнча, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, Салттуу музыка жумалыгынын гала-концерти Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында уюштурулмак эле. Бирок жааган жаандан улам иш-чара Тарых музейинин залында өттү. Ага Бексултан Жакиев, Бөдөш Мамырова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева жана башкалар келип катышты. Келген коноктор кыргыз жана казак өнөрпоздорунун таланттарына күбө болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан