Ош шаардык мэриясы жана Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан Ош шаарынын биринчилигине Шайыр тапкычтар клубунун (ШТК) таймашы өттү. Ош шаарындагы окуу жайлардын студенттери жана шаар аймагынан топтолгон 7 команда 3 турдун негизинде шаар биринчилигине ат салышты.
Уюштуруучу, Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы
Эрнис Кулназаров шаар биринчилигине ат салышуу алгачкы жолу өтүп жатканын жана мындан ары да бул саамалык уланарын айтты.
Ошондой эле "Тамашоунун" Жогорку Лигасына Жаштар комитетинин курама командасын даярдап чыгарышарын кошумчалады.
Сынактын жыйынтыгында өздөрүнүн оригиналдуу тамашалары менен "ОшТУ" командасы биринчиликти, "ОшМУ" командасы 2-орунду, ал эми "ОГПИ" курама командасы 3-орунду багындырып, шаар мэриясы тарабынан баалуу белектерге ээ болушту. Бул тууралуу 26-апрелде аталган таймаштын уюштуруучулары маалымдашты.