Өкмөт башчы малдын жазгы эмдөөсүн үзгүлтүккө учуратканы үчүн тийиштүү жетекчиге сөгүш берди

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев малдын жазгы эмдөөсүн үзгүлтүккө учуратканы үчүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Азизбек Шакировго сөгүш берди. 

Мындай чечим өкмөттүн 26-апрелдеги жыйынында кабыл алынды. Жоомарт Оторбаев аталган инспекциянын жетекчилиги бул маселени кароону башка күнгө жылдырууну сунуштаганын билдирип, “Биз мындай маанилүү маселени артка жылдыра албайбыз. Муну кечигип карап жатабыз” деди. 

Премьер-министр аталган инспекцияда реформа жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан