Ош. Бекова Аида “ОшМУнун периси” деп табылды (фоторепортаж)

Ош улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2014” сынагы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде окуу жайдын басма сөз катчысы Зинагүл Нуралиева билдирди.

Маалым болгондой, алгач сынактын 11 катышуучусу автоунаалар менен келип, алып баруучулардын тааныштыруусу менен кызыл килем аркылуу театрга киришти. Жобого ылайык, катышуучулар 5 тапшырма боюнча өз таланттарын, билим деңгээлин, ийкемдүүлүгүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында медицина факультетинин студенти, 11-катар номериндеги Аида Бекова баш байгени, “ОшМУ периси-2014” номинациясын жеңип алды. Жеңүүчүгө ОшМУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан Дубай шаарына эс алууга жолдомо ыйгарылды. Ал эми сынакка катышкан калган сулуулардын баарына Ысык-Көлдө эс алууга жолдомолор тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
MaRmeLaDka
2014-04-28 10:32:38
Кызыл килемден жетелеп келген чоң байкелер кимдер экенин кызык болуп жатат мага. Атасы эмес болсо,түшүнбөй жатам неге чоң кишилер колунан жетелеп киргизет? Өтө жаман көрүнөт экен, пффф(((.Анан 1-сүрөттөгү кызыл көйнөкчөн кыз да сынакты жеңип алыптырбыыы????(((
+9
Miss.ledi
2014-04-28 14:05:18
MaRmeLaDka, оа ал ОшМУ периси 2013 сынагынын женичуусу.
0
Egen.Osh
2014-04-28 10:35:58
Баш байгени уткан кыз чындап эле сулуу экен)))
+8
jasan
2014-04-28 10:58:11
Кызыл килемден жетелеп келген чоң байкелер - бул ал сулуу кыздардын агайлары
-14
Mirba-Nookat.83
2014-04-28 12:38:21
Ошто жаш жигиттерди жер жутуп кеткенби чалдар жетелеп алыптырго ушунчалык уюштурганынардан кийин жашыраак жигиттерди тапсанар болмок аларда уялбай жетелеп алганын.
-3
bojbei
2014-04-28 15:27:23
Mirba-Nookat.83, Сулуулар конкурсу, кызыл килемден өтүү - булардын баары шоу. Кызыл килемден каалаган адамы, каалаган машинеси, төөчөн, ат, ат араба ж.б.у.с. менен келип өтө берет. Сен чал деген адамдар абройлуу, маданияттуу декандар. Шоуну түшүнбөй эле ар нерсени айта берчү болдук.
+3
dream.ly
2014-04-29 14:32:09
Mirba-Nookat.83, Булар деген ал кыздардын агайлары, сыйлуу декан, агайлар.
0
bekbolot-NOOKAT
2014-04-28 13:05:57
Кыздар бизче айтканда Короз короз басышат го ээ мага жакты))
0
Made_in_Mama
2014-04-28 13:08:19
Чон кишилер кыздарды жандабай эле коюшса болмок... Жаман корунот экен. Колдоочулары болсо керек да. Кыздар ашыкча эле боенуп алышыптыр. Качан бизде табигый сулуулук боюнча конкурс болот экен...
-5
bojbei
2014-04-28 13:50:32
Бул шаардын же облустун сулуулар конкурсу эмес, университеттики. Университеттин сулуулары өздөрүнө билим-тарбия берген агайларын, урматтаган декандарын жетелетсе эмне болуптур? Тескерисинче, декандардын коштоосунда конкурска келүү сыймык да. "Ит адамды тиштесе жаңылык эмес, адам итти тиштесе, мына ошол жаңылык" жигиттер кыздарды дайыма эле жетелеп жүрүшпөйбү. Ал эми декандар эл алдында эч качан кыздарды жетелеген эмес. К
+1
bojbei
2014-04-28 13:51:40
(Уландысы)Көрдүңөрбү, ОшМУнун сулуулары эмнени ойлонушканын, буга суктануу гана керек
0
Ayselim
2014-04-28 14:07:15
факультеттер арасында болгондо ар бир кыз өздөрүнүн агайы же деканы менен кызыл килем үстүнөн өткөнүн башкача көз карашта карабай,түз карашта карайлычы.Ошол агайлар кээ бир кыздардын агасы,тагасы кыскасы тууганы болуп кететтир.Биз кыргыздар аз эле калкбызго,сураштырсак баарыбыз тууган болуп чыгабыз. Эң негизгиси көңүлдү түүүүүүз кылыш керек!!!!!!!!!!
0
Dolbooruwka
2014-04-28 15:03:01
озу биз кыргыздарга еч нерсе жакпайт
0
aminali
2014-04-28 16:16:42
Kyrgyzymdy suluu kyzdary!
+1
Asanaka2
2014-04-28 19:55:16
Бир айдан кийин ушул кыздардын арасынан бироо жарымы уйдон чыккан бойдок жок деп жазылып чыкпасын да иши кылып
-5
aida2013
2014-04-28 23:51:05
аябай сулуу кыздар экен бактылуу болсун !
0
indeec
2014-04-29 10:13:38
Эх сулуу ... Кургаса экен койногун... кыжалат болот бобогун.....
0
dream.ly
2014-04-29 14:28:20
Биринчи орунду ээлеген кыз аябай сулуу экен! Аида,ийгиилик сага!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан