Атактуу спортчу Александр Воиновдун жана телеалпаруучу Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов жаш болсо да өз жетишкендиктери менен кыргыз элин кубантып келет. Учурда ал Киев шаарында 28-апрелден 1-майга чейин өтүүчү "Баары бийлешет" аттуу масштабдуу теледолбоорго катышып, Кыргызстандын намысын коргоо алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде бийчи өзү SUPER.KG порталына билдирди.
Бийчинин айтымында, бул долбоорго дүйнө жүзүндөгү белгилүү бийчилер катышмакчы. Тандоо турлары Украинанын бир канча ири шаарларында жүрүп, миңдеген бийчилердин ичинен 150сү гана тандалып алынмакчы. Тандоо турунан өткөндөр Ялта шаарына барып, украиналык жана чет элдик хореографтар менен иштешет. Машыгуудан соң 150 бийчинин ичинен 20 катышуучу тандалып алынат. Мына ушул 20 бийчи түз эфир аркылуу "Өлкөнүн мыкты бийчиси" наамына ат салышып, жеңүүчү 500 000 гривенге жана АКШдагы мыкты хореографтан сабак алууга, Лас-Вегаста өтүүчү бий-шоулоруна катышууга жолдомо алат.
Жеңүүчү көрүүчүлөрдүн берген СМС-добушу аркылуу аныкталат.