Биз социалдык тармакта

Баткенде “Айгүл гүлү  достукка көпүрө” аталышында фестиваль болуп өттү

Баткен облустук музыкалык драма театрында Достук фестивалынын концерттик программасы өттү. КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан “Айгүл гүлү – достукка көпүрө” фестивалынын концерттик программасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Сейит Абдырахманов өкүлчүлүктүн атынан куттуктап, элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык каалады. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкүлчүлүктөн Дилара Парпиева билдирди. 

“Айгүл гүлү – достукка көпүрө” фестивалынын алкагында оюн-зооктор көрсөтүлдү. "Келечек жолундагы жаштар өлкөнүн, элдин негизги таянар күчү болору анык. Жаңы идеяларга сугарылган, мезгил сынынан өткөн кыргыз жаштары менен бардык максаттар ишке ашарына чоң ишенич бар",- деди Сейит Абдырахманов өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан