Ырчы Назми 27-апрелде борбор калаадагы тойканалардын биринде экинчи кызы Алиманын тушоо кесүү тоюн өткөрдү. Ырчыны бул жакшылыгы менен туугандары, кайын журту, аяштары, сахналаштары Бактыгүл Закирова (Бадыева) жолдошу Алмаз менен, Байыш жана Жаныш Момуновдор, Борончу Кудайбергенов, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Карымов, Гүланда, Фарида Карбосова, Мерген Турган келип, куттук сөздөрүн айтышты.
Тойдо алып баруучулук милдетти Мирлан Жетигенов, Эльмара Тусуналиева, Нурдөөлөт Копоев, Айбек Асанбек уулу аркалашты. Алар кичинекей Алиманы жетелеп, элди аралап чыгышты.
Той ортолоп калганда Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери кичинекей Алимага келечеги кең, турмушу бекем болсун деген ак тилек менен боз үй тигишти. Албетте, бул күнү Алиманы жарык дүйнөгө алып келген ата-эненин кубанычында чек жок болду. Келген конокторду күлүп-жайнап тосуп алып, жагымдуу маанай тартуулап отурушту.
“Улуу кызым Альбинанын тушоо тоюн бергенде ыраматылык Бакыт Букаев алып барган. Ал атайын сценарий түзүп, өзгөчө той өткөргөн элек. Экинчи кызым Алиманын да тушоо тоюн кызыктуу, кыргыздын каада-салтына ылайык өткөрүүгө аракет кылдык. Жолдошум Кыргыз улуттук филармониясынын режиссёру Алтынбек Максүтов менен сүйлөшүп, атайын сценарий түзүштү. Биринчи той өткөргөндө аябай сүрдөгөн элем. Тажрыйбалуу болуп калсам керек, бул жолу көп кыжалат болгон жокмун”,- дейт кубанычы менен тең бөлүшкөн ырчы Назми.