27-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда айымдар арасында “Кыргызстандын сулуу айымы-2014” сынагы өткөрүлдү. Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул сынакка 23 жаштан 50 жашка чейинки 19 айым катышып, өз таланттарын эл алдына тартуулашты.
Катышуучулардын өнөрлөрүн ырчылар Анжелика, Юлия Руцкая, актёр Бектемир Мамаюсупов жана сынакка демөөрчү болушкан компаниялардын башчылары баалашты. Алар төмөнкү наамдар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктап, сыйлыктарды тапшырышты.
Баш байге - “Кыргызстандын сулуу айымы-2014” наамы Наргиза Осмоновага ыйгарылды. Ага таажы кийгизилип, Америкада өтө турган "Дүйнөнүн сулуу айымы" сынагына жолдомо тапшырылды.
"Кыргызстандын 1-вице сулуу айымы" наамы Назира Абаскановага, "Кыргызстандын 2-вице сулуу айымы" Кызжибек Илясовага, "Кыргызстандын 3-вице сулуу айымы" Айжамал Дыйкановага буюрду.
“Мындай сынакты өткөрүү идеясы эки жыл мурун пайда болуп, быйыл гана жүзөгө ашып отурат. Сынак февраль айында жарыяланган. Катышууну каалагандардын арасынан 19 айымды тандап алдык. Мен бул сынак мындан мыкты болот деп күткөн элем. Биринчи жолу уюштурулуп жаткандыктанбы, анча-мынча кемчиликтер кетип калды. Бирок эл "сонун болду деп" жакшы кабыл алды. Буюрса, кийинки жылдардагы сынактар мыкты деңгээлде өтөт деген үмүттөмүн”,- дейт аталган сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.
Сынактан соң жеңүүчү Наргиза Осмонова сезимдери менен бөлүшүп өттү. “Баш байгени алайын деп самаган эмесмин. Менин сахнага болгон сүйүүм бул сынакка катышууга түрткү болду. Азыр мени айтып бүткүс сезим курчап турат. Мындай сезимди бардык аялзатына каалаар элем. Айымдардын баары таажы тагынганга татыктуу, анткени сулуу эмес аял болбойт, бир аз жалкоолор бар. Мен 39 жаштамын, жолдошум менен түтүн булатканыма 20 жыл болду, 2 кызыбыз бар. Улуу кызым турмуш курган, кайненемин”,- дейт.