“Bishkek Club” теледолбоорунда “No name” командасы 42 упай менен финалга чыкты

Бишкекте биринчи жолу өткөн “Bishkek Club” теледолбоорунда “No name” командасы 42 упай менен финалга чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына “No name” командасынын мүчөсү Кадыр Жарматов билдирди.

Анын айтымында,  аталган долбоор "Тамашоунун" жетекчиси Эрмек Нурбаев жана ырчы Урмат Усеновдун демилгеси менен ишке ашкан. Анда “No name” командасы менен “Тамадалар” командасы ат салышып, жыйынтыгында “No name” 42 упай, ал эми “Тамадалар” 39 упай топтошкон. Жеңүүчү команда 40 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.

Ошондой эле кийинки кезекте “Моника Беллуччи” менен “Патриоттор” командалары беттешет.

Айта кетсек, калыстар тобун режиссёр Эрнест Абдыжапаров, ырчы Урмат Усенов жана ырчы Омар түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
antiwithin14
2014-04-28 12:51:16
Куттуктайбыз! Дагы да ийгиликтин туу чокусун багындырып журо бергиле! Биз силерди колдойбуз.
+2
jypara1415
2014-04-28 12:54:19
No name молодцы
+1
bossmos7
2014-04-28 13:05:56
Азаматтар!Мыкты тамашалуу топ.Ийгиликтер!
+1
Mairam1991
2014-04-28 13:07:59
Молодцы! Балдар-балдар - ОООООШШШ!!!)))
+2
Muktar.baatyrjigit
2014-04-28 14:01:04
Видеосун кайдан корсок болот
0
kama_future_millioner
2014-04-28 15:40:05
Азаматсынар Но Нейм
+1
Milashka-92
2014-04-28 18:21:05
Азаматсынар Эн жакшы женишке татыктуу топ.
0
kuba.kg
2014-04-28 21:40:06
видеосу кимде бар тамашалардын
0
Janym_ata_enem
2014-04-29 12:23:00
Кайсыл жерде болду? 26сы куну кечке издеп таппай калдым. кийинкиси кайсыл жерде болот. (жээ кочодо илинген жарнактары жок)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан