Ырчы Эмил Балтагулов үстүбүздөгү жылдын февраль айында АКШда өткөрүлгөн куттуу ай Мавлид-Ан-Наби жана Нооруз майрамына катышууга барып, ал жерде ыйман ырларын аткарган эле. Эмил ал жактан жөн кайтпай, бир ок менен эки коёнду атып, “Сен билбечи” ырына Сан-Франциско, Розуэлл, Сакраменто шаарларынан клип тарттыра келиптир. Клип 3 күндө тартылып, толугу менен бир жарым айда даяр болгон. Бул тууралуу ырчы, бүгүн, 28-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
“Ырдын сөзү-обону өзүмдүкү. Клипке Америкада жашаган мекендештер тартылды. Кыскача мазмунуна токтолсом, бир жигит кызды жактырып калат. Бирок аны жакшы тааныбагандыгы үчүн сезимин ачыктагысы келбейт. Анткен менен гүлдесте белек кылып жүрүп, анын жолдошу бар экенин билет...
Клип тартуу учурунда көптөгөн кызыктарга туш болдук. Америкалык кыздар ушунчалык шайыр экен, сюжетти тартып жатсак, камерага “hello” деп кыйкырып чыга калып, тоскоолдуктарды жаратышты. Мындан тышкары кыздын күйөөсүнүн ролун аткарган жигит образды ача албай кыйналды. Анткени ал кыздын кайниси болчу да.
Өкүнгөнүм, Америкага концерттик костюмдарымдан көбүрөөк алып албаптырмын. Клипте кийимдеримди азыраак алмаштырып калдым”,- дейт ырчы жаңы клиби тууралуу.