Биз социалдык тармакта

Гүлжигит Калыков, Тынай Алыбаев, Юлия Руцкая, Гүлзада Рыскулова, Салтанат Аширова, Марат Ибраев Конституция тууралуу ыр ырдашат

Кыргыз ырчылары Тынай Алыбаев, Гүлжигит Калыков, Гүлзада Рыскулова, Юлия Руцкая, Салтанат Аширова, Марат Ибраев 5-Май - Кыргызстандын Конституция күнүнө арналган ырды ырдап, клип тартышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ырчы Гүлзада Рыскулова билдирди. 
"Бул ыр "Конституция - менин тумарым" деп аталат. Сөзү Аалы Молдоканов менен Авланбек Жумабаевге, обону Нурдин Төрөбековго таандык. Кечээ, 27-апрелде клип толугу менен тартылып бүттү. Күн ысык болгонуна, чарчаганыбызга карабай тартуу иштери кызыктуу жүрдү. Сөзү, обону да мага аябай жакты. Буюрса, бул чыгармабызды 5-май күнү уга аласыздар. Бул ырды кесиптештерим Тынай Алыбаев, Гүлжигит Калыков, Салтанат Аширова, Юлия Руцкая, Марат Ибраев болуп чогуу ырдайбыз",- дейт ырчы.
Аны менен катар Гүлзада Рыскулова "Толгонуу" ырына клип тарттырып, элге сунуштоо алдында турганын кабарлады.
 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jasi
2014-04-29 08:45:12
тообо, ырчыларыбыз да кайда баратат. Конституция тууралуу ырдап жатышкандан кийин бир аз костьюмдарына маани берсе болмок экен. Салтанат Аширова пикнике чыккансып кийинип алыптыр го.
+1
dastan_nookat
2014-05-24 11:55:10
Сайтка качан келет ушул клип жана мр3 форматы!!
0
admin_portal
2014-05-26 15:44:21
dastan_nookat, Саламатсызбы!
Клиби: http://www.super.kg/media/uservideo/118627/
Аудио: http://www.super.kg/media/audio/120187/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан