Кечээ, 28-апрелде Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде өткөрүлгөн Илим жана искусство жумалыгынын алкагында элдик музыкалык аспаптарда ойноо жана ырдоо кафедрасынын ага окутуучусу Майрам Шүкүралиеванын жана анын шакирти, 3-курстун студенти Абдыкалык уулу Элтурандын “Устат жана шакирт” аттуу вокалдык классы боюнча жеке концерти тартууланды.
Концертке музыка күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулар жамааты, студенттер, Абдыкалык уулу Элтурандын жакын туугандары, атайын чакырылган коноктор катышышты.
Кеченин жүрүшүндө оркестрдин коштоосунда элдик чыгармалар менен биргеликте дүйнөлүк классикалык музыкалар жандуу үн менен ырдалды.