6-9-майда Талас облусунда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобу концерт берет. “Эстекени эскерүү” аталышындагы концерт 6-майда Манас, 7-майда Кара-Буура, 8-майда Бакай-Ата райондорунда, 9-майда Талас шаарында өткөрүлөт.
Концертте топтун мүчөлөрү: КР Эл артисти Нуржамал Табалдиева, Малик Аликеев, Амантай Кутманалиев, Таалай Иманкулов, Турдукан Сарбанова, Алтынбек Каленов, Гүлгаакы Сагындыкова өз өнөрлөрүн тартуулайт.
Белгилей кетсек, “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун жетекчиси - Аалы Туткучев.
Бул тууралуу маалыматты филармониянын адабий бөлүмүнүн башчысы Улан Зайнидин уулу бүгүн, 29-апрелде кабарлады.