Казакстандын Астана шаарында Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленет

3-майда “Кыргызстан-Астана” этникалык маданият бирикмеси улуу акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата Астанада “Ала-Тоо булбулу Токтогул” аталышындагы иш-чара өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде бирикменин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына кабарлады. 

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз маданиятын, тилин сактап калуу жана өркүндөтүү. Анын алкагында “Токтогул Сатылганов жана түрк эли” аттуу эл аралык конференция жана “Тамыры бир бай терек” аттуу майрамдык концерт өткөрүлмөкчү. 

Белгилей кетсек, "ТҮРКСОЙ" уюму 2014-жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыялап, учурда түрк тилдүү өлкөлөрдө улуу акындын 150 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан