Кыргызстанда Манас баатыр жана коомдук ишмер Исхак Раззаков тууралуу тасма тартуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында маданият министри Камила Талиева маалымдады.
“Өткөн жылы режиссёрлор өз алдынча 60 тасма тартышкан. Мамлекеттик бюджеттен сегиз фильмдин жарык көрүүсүнө каражат бөлүнгөн. Алардын алтоо - даректүү, экөө - көркөм тасмалар. “Курманжан датка” фильмин тартууга мамлекет тапшырма берген. Учурда Манас баатыр жана коомдук ишмер Исхак Раззаков тууралуу тасма тартуу пландалууда. Биз манасчылар жана эпосту изилдөөчүлөр менен сүйлөшүшүбүз керек”,- деп белгиледи министр.