Америкалык ырчы Мадонна Путинди "гей" деп атады. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ырчы "Buzzfeed" сайтынын колдонуучулары менен сөз оюнун ойногон. Оюн учурунда колдонуучулар бир сөз айтышса, ырчы ага байланыштуу сөз таап, баракка жазып көрсөтүп турган. Биринчи сөз айтылганда Мадонна ал сөз менен байланышкан өзүнүн биринчи ассоциациясынын атын атаган. Ал эми дагы бир күйөрманы Орусиянын президентинин фамилиясын атаганда, ырчы баракка "гей" деп жазып, камерага көрсөткөн. Бирок ал бул сөзгө эч кандай комментарий бербестен, оюнду улантып кеткен.