Тарых музейинде “Кыргызстан менен Орусиянын достугунун башталышы” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

25-апрелден тарта Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстан менен Орусиянын достугунун башталышы: 18-кылым жана 20-кылымдын башталышы” аталышындагы илимий көргөзмө өтүүдө. Көргөзмө Кыргызстандагы Орусия кызматташтыгы, КРнын Борбордук мамлекеттик кино жана фотодокументтердин архиви, Ысык-Көл облустук мамлекеттик архиви, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи тарабынан уюштурулган.

Орусия жана Кыргызстандын кызматташуусунун башталышында Екатерина ll, Алай ханышасы Курманжан датка, кыргыз манаптары Атаке баатыр, Боромбай Бекмуратов, Качыбек Шералин жана башкалар болгон. Изилдөөчүлөр Татищев, Рычков, Валиханов, Аристов кыргыз элинин тарыхын изилдеп чыгышкан. Ал эми дүйнөлүк географиялык картага Кыргызстанды Семёнов Тянь-Шанский жана Николай Пржевальский киргизген.

Көргөзмөгө чоңойтулган форматтагы 60 эксклюзивдүү сүрөт коюлган. Мындан тышкары 18-19-кылымдарга таандык кыргыз-орус кызматташтыгын, достук мамилесин чагылдырган сейрек кездешкен документтер да бар.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bek.1992kg
2014-04-30 03:16:00
Билгенибизден билбегенибиз коп кыргыз улуту кырылгыс тарыхыбыз узун эхх канча деген Ата бабаларыбыз жашап откон улутум КЫРГЫЗ экенине сыймыктанам коз тийбесин жериме элиме!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан