Бүгүн, 29-апрелде баш калаадагы соода борборлорунун биринде Бишкектин түптөлгөн күнүнө арналган концерт өттү. Концерттин алкагында учурда белгилүү эмес болсо да жаш музыка ышкыбоздору өнөрлөрүн тартуулап, патриоттук ырларды аткарышты. Алардын арасында белгилүү ырчы Салтанат Ашированын шакирти Айым Айылчиева да жандуу мукам үнү менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулады.
Мындан тышкары Ильзат Малик, Денис Ли, Азалия Акматова, Сүйүн Арабаев, Бахтияр Нуриев өңдүү таланттар патриоттук сезимди ойготуп, Бишкек шаары тууралуу рэп айтып, бийлеп да беришти.
Уюштуруучулардын бири Адил Тамашаев: “Иш-чара сүйүктүү Бишкек шаарынын түптөлгөн күнүнүн урматына уюштурулду. Концертти мындан да жакшы болот деп ойлогом. Анткени белгилүү ырчылар, бий топтору чакырылган эле. Алар келебиз деп убада беришкен, бирок келишкен жок. Бул иш-чара менен шаар тургундарынын, айрыкча жаштардын Бишкек тууралуу маалыматын жогорулатууну көздөгөнбүз”,- дейт.
Маалымат үчүн айта кетсек, 1925-жылы азыркы Бишкек шаарында Мадали хандын буйругу менен Пишпек-Кокон сепили курулган. 1868-жылдын 29-апрель күнү Пишпек шаары түптөлүп, Чүй өрөөнүндө ири гарнизон жайгаштырылган. Сепил Ысык-Көл жана Жети-Арык жолдорунун кесилишинде орун алган. Ал жерде кокондуктар кербендерден салык алышчу. Эки жолу, 1860-жылдын 4-сентябрында жана 1862-жылдын 24-октябрында орус аскерлери сепилди тартып алышкан. 1862-жылы сепил кыйрап, анын ордуна казактар жайгашып, кийин базар боло баштаган. Ошентип, 1868-жылы Пишпек кыштагы түптөлгөн.
Ал эми 1879-жылы 29-апрелде Пишпек расмий түрдө шаар статусуна ээ болгон. 1926-жылы 12-майда Фрунзе, 1991-жылы 1-февралда Бишкек болуп өзгөртүлгөн.
Акыркы жылдары Бишкек шаарынын күнү күз мезгилинде белгиленип келет. Быйыл БШКнын 10-сессиясында шаар күнүн белгилөө сентябрь айынын акыркы ишембисине, 27-сентябрга белгиленген.