Бишкектеги Улуттук китепканада азербайжандык жазуучу, окумуштуу жана окутуучу Мир Жалал Пашевдин 106 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, баш калаадагы Маданият жана туризм башкармалыгынын жетекчиси жана кызматкерлери, Кыргызстандын Китеп палатасынын жетекчиси, азербайжан диаспорасынын активисттери, искусство ишмерлери, окуучулар, студенттер катышышты.
Аталган аземдин алкагында Мир Жалалдын Түрк тилдүү мамлекеттердин фондунун колдоосунда кыргыз тилине которулган “Жаш адамдын манифести” аталышындагы китебинин бет ачары болуп, катышуучуларга китеп таратылды.
Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин фондунун басма сөз кызматы билдирди.