Бишкекте сахна ханышасы Таттыбүбү Тусунбаеванын айкели тургузулду

Бүгүн, 30-апрелде Бишкекте Орозбеков, Панфилов, Фрунзе, Абдумомунов көчөлөрү менен чектешкен Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жанында сахна ханышасы, театр жана кино жылдызы, айтылуу Соң-Көл чүрөгү Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдык мааракесине арналган гүлбакчанын жана анын айкелинин ачылыш аземи өтүүдө. Аземге актрисанын жакын туугандары, уул-кызы, неберелери, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, ЖКнын депутаттары, акын-жазуучулар катышууда.
Белгилей кетсек, айкелдин автору - скульптор Тайыр Медеров. Айкелге Таттыбүбү Турсунбаеванын “Ак Мөөр”, “Кызыл алма”, “Уркуя” фильмдеринде жараткан образдары жуурулушуп түшүрүлгөн. Узундугу 5 метр болгон эстелик кызыл колодон жасалып, 7 миллион сом каражат сарпталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
514947a
2014-05-02 10:32:19
Аттиң арман! Соң-Көлдүн чүрөгү. ак-куусу ак мармардан, бийиктикти багынткан, башкаларга бийиктен караган, өзгөчө моюну суктанткан жарык маанайдагы, улуу талантын чагылдырган өзүнө окшогон болсо болмок эле, жарашат эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан