Ошто Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата  “Адилеттүүлүктүн жана эркиндиктин акыны” аталышындагы театрлаштырылган адабий-музыкалык кече болуп өттү

29-апрелде Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине карата “Адилеттүүлүктүн жана эркиндиктин акыны” аталышындагы театрлаштырылган адабий-музыкалык кече болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Кечеде чыгармачыл студенттерден түзүлгөн “Сенин мүмкүнчүлүгүң” адабий ийриминин катышуучулары тарабынан акындын өмүрү, чыгармачылыгы, анын Арзымат менен айтышы, Алымканга болгон сүйүүсү сахналаштырылып, көрүүчүлөргө тартууланды. Ошондой эле Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун жаш комузчулары тарабынан акындын күүлөрү чертилип, ОшМУнун теология факультетинин студенттери тарабынан акындын түрк тилине которулган чыгармалары аткарылды.

"Бүгүнкү күндө залкар акынбыз Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы бир гана Кыргызстанда эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттерде белгиленип жатат. Биз да мындай иш-чаралардан четте калбай, бир топ иштерди жасоону максат кылганбыз. Бүгүнкү кечебиздин негизги максаты- студенттерди адабият дүйнөсүнө тартуу, башка окуу жайлардагы чыгармачыл жаштар менен байланыш куруу, “Сенин мүмкүнчүлүгүң” адабий ийриминин катышуучуларынын чыгармачылыгын тартуулоо, эң негизгиси, Токтогул Сатылгановдун чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү",- дейт кеченин уюштуруучусу, дүйнөлүк адабияттар кафедрасынын башчысы Дамира Асанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан