Кыргыз кинематография департаменти май айындагы майрамдарга, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө, 5-Май - КРнын Конституция күнүнө, 9-Май - Улуу Жеңиш майрамдарына арналган тематикалык тасмаларды көрсөтөт. Тасмалар өлкөнүн бардык аймактарындагы кинотеатрларда көрсөтүлөрүн бүгүн, 30-апрелде аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
1-Май майрамына арналган тасмалар:
1. «Жамин Акималиев. Жерге арналган өмүр».
2. «Таштанбек»;
3. «Мен Ыйса»;
4. «Гүлдастан»;
5. «Чоро»;
6. «Кайып Оторбаев»;
7. «Жаныбарым Гүлсары».
5-Майга арналган тасмалар:
1. «Уркуя»;
2. «Үй-бүлөнүн сыры»;
3. «Бешик»;
4. «Курманжан датка»;
5. «Жаныбарым Гүлсары»;
6. «Биринчи мугалим»;
7. «Саманчынын жолу».
9-Майга - Улуу Жеңиш майрамына арналган тасмалар:
1. «Эрте келген турналар»;
2. «Бетме-бет»;
3. «Маршал Жуков»;
4. «Рокоссовский»;
5. «Москва үчүн салгылашуу»;
6. «Берлин үчүн салгылашуу»;
7. «Оттуу жаа».