Кыргызстандын башкы балетмейстери Талант Осмонов алтын медаль тагынды

Кыргызстандын башкы балетмейстери, КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов 2014-жылдын 28-апрелинде “Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик” уюму тарабынан алтын медаль менен сыйланды.  Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатов маалымдады.

Анын айтымында, Талант Осмоновго сыйлык акыркы 3-4-жылдын аралыгында жараткан эмгектери, “Алкоо”, “Ойгонуу”, “Жүрөктөрдүн ирмемдери” деген чыгармаларда аткарган ролдору үчүн берилген.

Талант Осмонов бир нече балеттерди коюп келет. Балет коюу жагынан өзүн автор катары таанытып келе жатат. Ал мезгилдин агымы менен жүргөн мыкты адис. Талыкпаган эмгегинин артынан алтын медалдын ээси болуп отурат”,- деди театрдын жетекчиси Тимур Саламатов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан