Тарых музейинде Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтүүдө (фоторепортаж)

10-апрелден бери Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде Кытайдын Шэньси провинциясынын элдик искусствосун, салт-санаасын чагылдырган Көлөкө театрынын көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмөдө “Бакчадагы жолугушуу”, “Жашыл жыланга аңга чыгуу”, “Генерал Гуань Юй жүрүштүк чатырда”, “Алачыкка үч жолу барганда”, “Буддага таазим кылуу” оюндары жана булгаарыдан жасалган куурчактар, картиналар коюлган.

Көлөкө театры - Кытайдан чыккан драмалык искусствосунун бир түрү. Уламышта айтылгандай, Хань батыш династиясынын императору Уди сүйгөнү Леди Линин оорудан каза тапканына капа болуп жүрөт. Император аны ушунчалык сагынгандыктан, бийлик жүргүзүү каалоосун жоготот. Бир күнү министрлердин бири балдардын куурчак менен чоң көлөкө түшүрүп ойноп жатышканын көрөт. Мындан таасирленген министр императорду санаадан арылтууга жардам берүү максатында анын каза болгон сүйгөнүнө окшоштуруп кагаздан куурчак жасайт. Түн киргенде императорду аны көргөнгө чакырат. Император аны көрүп аябай кубанат. Мына ошондон тарта Кытайдын Көлөкө театрынын тарыхы башталган.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө май айынын аягына чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан