Талант Осмонов, алтын медалдын ээси: “Алтын медалды алыш үчүн көп эмгектендим. Бирок мамлекеттен акча бөлүнгөн жок”

Алтын медалды алыш үчүн көп эмгектендим, бирок мамлекет акча бербеди”,- деди Кыргызстандын башкы балетмейстери, КРнын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов бүгүн, 30-апрелде өткөн маалымат жыйынында.

“Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму 28-апрелде мага алтын медаль ыйгарды. Бул үчүн мен 3-4 жыл чоң эмгек жасап, көптөгөн спектаклдерди алып чыктым. Буга жеке ишкерлер, уюмдар жардам көрсөтүштү. Ачыгын айтыш керек, мамлекеттен акча ала албай койдум”,- деди Осмонов өз сөзүндө.

Биздин Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан сыйланып жатканыбыз Кыргызстан балет өнөрү боюнча эл аралык деңгээлге татыктуу экендигинен кабар берет. Эгерде алтын медалды албаганда, менде мынчалык ишеним болмок эмес”,- деп кошумчалады балетмейстер.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
InsanKg
2014-04-30 16:55:37
Азаматсын!
+1
pakistanka
2014-04-30 17:28:30
aylanayin balam akchani ne kilasin? medal ele jetiwtuu go deym saga..
-2
kg-zzzzz
2014-05-01 12:53:59
биздин чондор онойчулук менен акча бербейт берседа тек шайлоо алдында сурасаныз ошондо берет болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан