Франциялык виртуоз арфистка Ёнджа Атар Бишкекте концертин берди (фоторепортаж)

Бүгүн, 30-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда биринчи жолу франциялык виртуоз арфистка Ёнджа Атар концерт берди. Анын бул концертин филармониянын камералык оркестри коштоду.

Программада Батыш Европанын эң мыкты классик композиторлорунун чыгармалары арфада ойнолду. Арфа аспабында жаңырган көңүл эргиткен жагымдуу музыка ыргактары классикалык музыка сүйүүчүлөрүн өзгөчө маанайга бөлөдү.

Белгилей кетсек, арфада ойнолгон чыгарма 20 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жаңыра элек. Арфа музыкалык аспабы биздин өлкөдө жок болгондуктан, бүгүнкү концерт үчүн атайын Стамбулдан алынып келген экен.

Ёнджа Атар тууралуу сөз кыла турган болсок, ал Түркиядагы Мамлекеттик консерваториянын алдындагы Мимар Синан мектеп искусствосун аяктаган. Болгарияда өткөн 5-Эл аралык сынакта баш байгени жеңип алып, "Виртуоз арфист" деген наамга татыктуу экенин көрсөткөн. Мындан тышкары ал Эндрю Лоуренс Кинг, Лавиния Мейэр, Изабелль Моретти, Наоко Ёшино, Бенойт Вьери, Жанна Боускова жана Анна Рикьюборгдон сабак алган.

Эрдем Чологлу, Гюрер Айкал, Инжи Оздил, Мехрапе Карамендерес, Жэм Мансур, Клаус Вейзс, Пьер Кармелет өңдүү атагы чыккан концертмейстерлер менен чогуу чыгармачылыгын тартуулаган. 

Арфа дүйнөсүн ачкан Ёнджа
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
konya
2014-04-30 23:02:03
видеорепортаж уюштуруп койсонуздар аябай сонун болмок экен. Ёнджа сулуу экен
0
Abdyrawit
2014-04-30 23:05:06
Залда кыргыздар аз окшойтго....
0
Dasmond
2014-05-01 08:38:01
Abdyrawit, Аз эмес жок окшойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан