30-апрелде Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Браво!” кинотасмасынын бет ачары өттү. Иш-чара концерт менен башталып, анда Малика Дина, Аваз Акимов жана башка ырчылар хит ырларын тартуулашты. Концерттин жүрүшүндө алып баруучулар кызыктуу оюндарды уюштуруп, коноктордун маанайларын көтөрүп жатышты.
Иш-чаранын себепкерлери, тасманын башкы каармандары ырчы Нурлан Насип, “тамашоучу” Кубаныч Курманбеков, Элнура Сыдыкова жана Аида Чоткараева лимузин унаасы менен келип, кызыл килемден өтүштү. Эл аларды кол чабуулар менен тосуп алды.
“Браво!” кинотасмасы боюнча айта кетсек, аны режиссёр Нурлан Мамакеев жана “тамашоучу” Самат Эркинбеков тарткан. Ал эми тасманын сценарийи “Ак-Өргө сити” командасына таандык. Н.Мамакеев тасма 20 күндүн ичинде тартылганын баса белгиледи.
“Бравонун” мазмунуна ылайык, эки айылдык жигит шаарга өз максаттары менен келе жатып достошуп калышат. Бири ырчы болгусу келсе, экинчиси жумушка орношууга ниеттенет. Ырчы болгусу келген жигит өзүндө музыкалык таланты жок экенин билип калат. Бирок ошол эле учурда досунун ырдоого шыгы бар экенин байкап, аны жылдыз кылууга жардам берет. Ошентип, тасма андан ары уланат...
Башкы каарманды ойногон Нурлан Насип “тасманын жалпы мазмуну менин жеке жашоомдон алынган эмес, бирок айрым учурлары менин карьерамда чындыгында эле болгон” деп SUPER.KG порталына билдирди.
Айта кетчү нерсе, тасма дүркүрөгөн кол чабуулар менен аяктады. Көрүүчүлөр Кубаныч Курманбековдун тасмада "күн ыссык-ка" деп ырдап кайталаган сөзүн "эми хитке айланса керек" дешти.