Ошто окутуучулар жана студенттердин ортосунда “Сармерден” таймашы өттү

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата кыз-жигиттердин “Сармерден” таймашы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда окуу жайдын маалымат катчысы Кубаныч Жылкычы уулу билдирди.

Маалым болгондой, сынак таланттуу окутуучулар жана студенттер арасында өтүп, алар бийлөө, ырдоо, улуттук аспаптарда ойноо, макал, табышмак жана жаңылмач айтуу боюнча таймашышкан.

Иш-чарага аталган окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев да катышып, ушундай өнөрпоз жаштардын башын бириктирип, "Сармерден" сынагын уюштуруп жаткан факультетке ыраазычылыгын билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momuntay
2014-05-01 14:01:21
Азаматтар. Ушинтип улуу салтты улап журо бериниздер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан