Бүгүн, 1-Майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдында Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата атайын иш-чара өткөрүлдү. “Татыктуу эмгек, татыктуу жашоо, социалдык адилеттүүлүк!” деген аталыштагы акцияны Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы уюштурган.
Иш-чарага жети дубандын профсоюздар уюмунун төрагалары жана кызматкерлери, баш калаада эмгектенген жеңил өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, коомдук ишмер Аскар Салымбеков, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Ибрагим Жунусов жана башкалар катышып, элди эмгектенүүгө чакырышты.
КРнын Профсоюздар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов: “Бүгүнкү 1-Май майрамынын максаты социалдык эмгек укугун коргоо, эмгектенгендердин экономикасын өнүктүрүү, туруктуу саясат үчүн кирешени адилеттүү бөлүштүрүү, эмгекчилердин укугун бирдиктүү коргоо, татыктуу эмгек акы, ишмердүүлүктү колго алуу болуп саналат”,- деди.
Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү ырчылар Салима Балтаева жана Чырмаш Төрөбеков көрүүчүлөргө ыр сунуп, майрамды шаңга бөлөштү.